Куткаруучулар ӨКМ Бишкектин көчөлөрүндө аялдарга гүл тартуулашты
Куткаруучулар көчөлөргө чыгып, аялдарды Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, ыраазычылык билдиришти. Алар тюльпандарды тапшырып, ден-соолук, бактылуулук, ошондой эле жакшы маанай жана бакубатчылык каалашты.
Маалыматта, көптөгөн аялдар куткаруучулардын мындай иш-аракетине ыраазычылык билдирип, жакшы сөздөр жана алган оң эмоциялары үчүн ыраазычылык билдиришкени белгиленген.