Аудит негизсиз төлөмдөрдү, курулуш иштеринин баасын жогорулатуу жана мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларды аныктады.
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин аткарылышын, ошондой эле ага караштуу мекемелерди камтыды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, финансылык тартипти сактоо боюнча ички көзөмөл деңгээли жетишсиз болуп чыкты. Бул мыйзам талаптарына жана белгиленген процедураларга жооп бербеген аракеттердин көптөгөн учурларын аныктоого алып келди.
Атап айтканда, эмгек акы, мамлекеттик сатып алуулар жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алуу боюнча олуттуу шайкешсиздиктер аныкталды.
Ошондой эле аудит учурунда мамлекеттик сатып алуулар жана контракттар боюнча процедуралардын бузулушу катталды. Атап айтканда, 10 пайыздан ашык аванс берүү фактысы жана зарыл мониторингсиз жүргүзүлгөн сатып алуулар аныкталды.
Мындан тышкары, аудит эмгек акы чыгымдары, бюджеттик каражаттарды командировкаларга пайдалануу жана бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча бир катар финансылык жана процедуралык бузулууларды аныктады. Кээ бир учурларда курулуш-монтаждоо иштеринин баасы же көлөмү негизсиз жогорулатылганы белгиленди.
