Ярмаркалардын негизги максаты азык-түлүк бааларын кармап туруу, социалдык жактан уязвимдүү катмарлар үчүн азыктарды жеткиликтүү кылуу, ички өндүрүүчүлөргө жардам берүү жана ички рынокто туруктуулукту камсыздоо.
Ар жекшемби күнү борбордо мэрия менен биргеликте азык-түлүк ярмаркалары өткөрүлөт, анда тургундар базар баасынан төмөн баада товарларды сатып ала алышат. Иш-чаранын өтүүчү жери Турдакун Усубалиев атындагы аянт, Абдумомунов көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Раззаков көчөсүнүн ортосунда жайгашкан.
Ярмаркалардын катышуучуларына төмөнкү талаптар коюлат:
- продукция жогорку сапат стандарттарына жана санитардык-гигиеналык нормаларга жооп бериши керек;
- баалар базар баасынан төмөн болушу керек;
- райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу кат болушу зарыл.
Көбүрөөк маалымат жана кеңештер алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: 0312661422, 0702702000.