
Ал баалардын өсүшү каржылык мүмкүнчүлүктөрү чектелген үй-бүлөлөргө терс таасир этээрин белгиледи
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) баасынын кескин жогорулашы — ар бир предмет үчүн 200 сомдон 470 сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирди.
Анын пикири боюнча, мындай кымбаттоо социалдык жактан оор абалда турган үй-бүлөлөргө терс таасир этет.
«Көпчүлүгү балдарын ЖРТга даярдоо үчүн төлөнүүчү курстарга кошумча акча жумшап жатышат. Бул кошумча каржылык жүктөмдү жаратууда», — деп кошумчалады ал.
Депутаттын айтымында, тестирлөө бүтүрүүчүлөрдө стрессти жаратат жана чоң чыгымдарды талап кылат.
Бекешев ошондой эле бир катар өлкөлөрдө бүтүрүү тесттери мамлекет тарабынан каржыланарын айтып, ата-энелердин бул үчүн чыгым тартпашы керектигин белгиледи.
Ал тесттерди төлөө системасы башында негиздүү болушу мүмкүн деп эсептейт, бирок азыркы учурда бул практиканы реформалоо убактысы келгенин айтты.
«Мамлекеттин бюджети көбөйдү, жана бизде профицит бар. Неге мамлекет бул маанилүү тармакка каражат бөлбөсүн? Бул жылдан баштайлы. Бул 400 миллион сом же башка сумма болсун. ЖРТны акысыз кылалы. Бул зарыл, анткени мамлекет өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн даярдоого жооптуу», — деп жыйынтыктады ал.