
Кыргызстандын борборунда «Гендердик теңдик үчүн коңгуроо кагуу» (Ring the Bell for Gender Equality) деген алтынчы церемония өтүүдө. Бул иш-чара Кыргыз фондулук биржасы тарабынан «БУУ-аялдар» менен өнөктөштүктө уюштурулган.
«Укуктар. Адилеттүүлүк. Иш-аракет. Бардык аялдар жана кыздар үчүн» деген ураан менен мамлекеттик сектордун, сот системасынын, финансылык институттардын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү чогулушту.
Бул иш-чаранын негизги максаты — аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл буруу.