
«Эко Домикти» орнотууда көйгөй пайда болду
Жакында Боконбаева көчөсүндө жайгашкан Тоголок Молдо атындагы скверде павильон орнотулду, ал тротуарды жана жашыл зонага кирүүнү жарым-жартылай жаап койду. Бишкек шаардык бийлиги бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.
«Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, пайда болгон көйгөй убактылуу болуп, «Эко Домикти» орнотууда колдонулган крандын техникалык бузулуулары менен байланыштуу.
Муниципалитетте «объект жөө адамдарга тоскоолдук кылбайт жана скверге кирүүнү чектебейт. Орнотуу бардык талап кылынган нормаларды эске алуу менен жүргүзүлөт» деп белгилешти.
Фото www