180 жүргүнчүсү бар учак 5-мартта Омандан Кыргызстанга келет
«АэроНомад» авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, рейс 8:00дө күтүлүүдө, учакта 180 жүргүнчү болот.
Маалымат кызматынын өкүлдөрү Жакын Чыгыштагы кырдаалдан улам расписание күнү ичинде өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти. Жүргүнчүлөргө келүү убактысын алдын ала тактоону сунушташты.
Эскертүү
Жакын Чыгышта Кыргызстандын болжол менен 22 миң жараны бар
2-марттагы акыркы маалыматтар боюнча, Жакын Чыгышта Кыргызстандын болжол менен 22 миң жараны бар, негизинен Саудия Аравиясында жана Бириккен Араб Эмирлигинде. Учурда жабыркагандар же башпанасыз калган адамдар тууралуу маалымат жок.