
4-мартта өлкөнүн бардык аймактарында синоптиктер жамгыр жана кар жаашын божомолдошот. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Түндүк-батыштан соккон желдин ылдамдыгы 4–9 метр секундга чейин болот, бирок кээ бир жерлерде анын ылдамдыгы 15–20 метр секундга чейин жетиши мүмкүн.
Аймактар боюнча температура көрсөткүчтөрү:
- Чүй облусунда: +5… +10°;
- Суусамыр өрөөнүндө: 0… -5°;
- Талас облусунда: +7… +12°;
- Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында: +11… +16°;
- Ысык-Көлдө: +3… +8°;
- Нарын облусунда: +1… +6°.