Бул жеткирүү Корея тараптан каржыланган экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө жана мамлекеттик автопаркты электромобилдерге өткөрүүгө багытталган долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.
Бул кызматташтыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар каралган:
- «Кыргыз почтасы» ААКнын автопарктарын модернизациялоо, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана экологиялык таза чечимдерге өтүү максатында;
- мамлекеттик мекемелерде электромобилдердин иштешин камсыздоо үчүн атайын заряддоо инфраструктурасын иштеп чыгуу.