
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Джидда менен Бишкек арасындагы авиабайланышты калыбына келтирүү боюнча иштин улантылып жатканы тууралуу маалымдашты.
Мурда Кыргыз Республикасынын Саудия Аравиясындагы элчилиги бир катар иш-чараларды өткөрүп, натыйжасында Flynas авиакомпаниясы менен 2026-жылдын 4-мартынан баштап Джидда – Ош багыты боюнча рейстерди калыбына келтирүү боюнча макулдашууга жетишкен.
Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, среда жана жума күндөрү жүргүзүлөт.
ТИМ ошондой эле, Түштүк-Чыгыш Азияда турган Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине коопсуз жана ыңгайлуу кайтаруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.