
Бул факт инспекциянын жүрүшүндө аныкталды
Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын учурунда саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов дары-дармектер жана медициналык буюмдар боюнча Электрондук маалымат базасынын ишин текшерди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы маалымдады.
Текшерүү учурунда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан ОсОО «Неман-Фарм» дарыканасында электрондук системада жок дары-дармектер табылды.
Контроль үчүн жооптуу адистер бул факт боюнча акт түзүштү.
Министр дары-дармектерди каттоонун жана санариптик көзөмөлдүн милдеттүү талаптары фармацевтикалык ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларына, алардын уюштуруу-укуктук формасынан көз карандысыз, тиешелүү экенин белгиледи.