
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, Болот Апилов Чүй облусунун капитальный курулуш башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.
Анын дайындалышы тууралуу буйрукту курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Мурда бул кызматты Асхат Медетбек уулу ээлеген.
Болот Апилов дайындалганга чейин Бишкек шаардык мэриясынын капитальный курулуш башкармалыгынын орун басары болуп иштеген. Кызыктуусу, аны 2025-жылдын жайында жумуштан бошотушкан.