
Жаңы имараттын аянты 2 563 квадрат метрди түзөт
Бишкекте жаш техниктер станциясы үчүн заманбап имараттын курулушу активдүү улантылууда, деп билдирет шаар мэриясынын басма сөз кызматы.
Учурда курулуш объектинде ички бүтүрүү иштерин жана фасадды жасалгалоо иштерин жүргүзүүдө.
Жаңы имараттын жалпы аянты 2 563 квадрат метрди, ал эми жер участогунун аянты 0,342 гектарды түзөт.
Имарат беш кабаттан турат, анын ичинде жарым кабат бар.
Ичинде окуу кабинеттер, астрономия обсерваториясы, музей, конференц-зал, бий залы жана актовый зал, китепкана, ошондой эле балдардын техникалык жана чыгармачылык өнүгүүсүнө арналган башка жайлар жайгашат.
Курулуш аймагында спорттук аянтча, иш-чараларды өткөрүү үчүн жабык навес, автомодельдерди учуруу үчүн зона, картодром жана практикалык сабактар үчүн башка жайлар түзүлөт.