Ал Кыргызстандын Саудия Аравиясындагы жарандар менен иштөө үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Оперативдүү жооп берүү үчүн атайын штаб түзүлүп, ага Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана умра уюштуруу менен алектенген лицензияланган компаниялардын өкүлдөрү кирет.
Авиакаттамдар боюнча, ички рейстер уланууда. Бирок эл аралык рейстерди тек гана жергиликтүү авиакомпаниялар жүргүзүүдө, ал эми башка өлкөлөрдөн келген кээ бир рейстер токтотулган.Марипов элчилик жергиликтүү бийлик менен активдүү кызматташып, кырдаалды реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүп жатканын, региондо согуштун болбой турганына үмүт артып жатканын айтты.