
Мыйзам долбоорунун максаты — өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу
Биринчи окууда венчурдук финансылоого байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кенештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, ошондой эле маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети тарабынан каралды.
Президенттин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев бул демилге венчурдук инвестицияларды тартуу үчүн, өзгөчө стартаптар жана инновациялык ишканалар үчүн, жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.
Мыйзам долбоорунун алкагында «венчурдук финансылоону», «венчурдук инвесторду», «венчурдук башкаруучуну», «венчурдук фондду», «бизнес-ангелди», «стартапты», «опциондук келишимди» жана «опциондор пулун» киргизүү сунушталууда.
Депутат Болот Сагынаев талкуу учурунда стартаптарга венчурдук инвестицияларды стимулдаштыруу ыкмаларына жана венчурдук фонддордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун зарылдыгына көңүл бурду.
Депутат Салтанат Аманова венчурдук финансылоонун өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле венчурдук фонддордун уставдык капиталынын минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрүнө байланыштуу маселелерди көтөрдү.
Депутат Гулшаркан Култаева венчурдук фонддордун ишин уюштуруу жана жөнгө салуу боюнча талаптар жөнүндө суроолорду берди.
Талкуудан жана добуш берүүдөн кийин мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.