Бишкектен Дубайга жана Шарджага авиарейстер токтотулду
Учуулардын токтотулушунун себеби учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана авиакомпаниялардын маршруттарындагы өзгөрүүлөр болуп саналат. Учуулары токтотулган жүргүнчүлөргө авиакомпанияга же билет сатып алынган жерге кайрылып, кошумча маалымат алуу, ошондой эле билетти кайтаруу же учуу күндөрүн өзгөртүү боюнча суроолор менен кайрылуу сунушталат.
Эл аралык аэропорт «Манас» кадимки режимде ишин улантууда. Учуулардын расписаниесиндеги мүмкүн болгон өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.
Мурда Израиль жана АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирандагы ар кандай шаарларга жана аскердик объекттерге бир нече чабуул жасаганын маалымдаган. Жооп катары Иран Израиль жана америкалык базаларга чабуул жасады. Иранга каршы аскердик операциянын башталышын АКШнын президенти Дональд Трамп тастыктады.