


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 27-февралда өткөн «Жаштар диалогу – 2026» аттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга ар кандай тармактардан жаш адистер, жогорку окуу жайларынын студенттери, ошондой эле коомдук-саясий ишмердүүлүккө активдүү катышып жаткан жаштар чогулду. Чакырылган коноктордун арасында парламенттин спикери, депутаттар жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери болду.
Койчиев өз сөзүндө «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасын маанилүү экенин белгилеп, өлкөнүн келечеги жаштардан көз каранды экенин айтты. Мисал катары өз элинин кызыкчылыгы үчүн иштеген Жусуп Абдрахмановдун жетишкендиктерин келтирип, азыркы муунда да өзгөчө инсандар пайда болоруна үмүт артарын билдирди.
Мамлекеттик катчы бул платформа жаштар үчүн гана эмес, бүт өлкө үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Сөзүн жыйынтыктап, Арслан Койчиев катышуучуларга өз демилгелеринде ийгилик каалап, кыргыз жаштарынын чексиз потенциалына ишенимин билдирди.