


Кыргызстандын борбору Бишкекте 3-марттан 4-мартка чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
Мэриянын басма сөз кызматынан маалымдалгандай, суу өчүрүү турак жайларды, билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерди камтыйт.
- 3-март, жекшемби күнү, саат 10:00дөн 16:00гө чейин Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 райондорунда суу берүү токтотулат. Бул «Энесай» суу алуу жайында авариялык-ремонттук иштердин жүргүзүлүшү менен байланыштуу.
- 4-март, жекшемби күнү, саат 09:00дөн 22:00гө чейин Куйручук, Молдокулова жана Ахунбаев көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Себеби – 300 мм диаметри бар суу түтүгүн кайра туташтыруу.

