2025-жылы 40 айылдык пункттар ичүүчү суу менен камсыздалды
Ал бул аракеттердин натыйжасында 75 миң адам азыркы учурда таза суу менен камсыз болгонун белгиледи.
«Бул иш-чараларды жүзөгө ашырууга мамлекеттик бюджеттен 3,7 миллиард сом бөлүндү. Учурда 601 айылда жана 25 шаарда суу камсыздоо системаларын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. 2026-жылы дагы 70 айыл жана үч шаарды таза суу менен камсыздоону пландап жатабыз», — деп кошумчалады Акунбеков.