
Абанын шарттарынын кескин начарлашына байланыштуу, 26-февралдан баштап 20:30дан тартып, Долон ашуусунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилди.
Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы учурда жол кызматтары жолду тазалоо жана кум-туз аралашмасын төшөө менен алектенип жатканын билдирди.
Ведомство айдоочуларга учурдагы аба ырайын эске алып, алыс аралыкка сапарларды алдын ала пландаштырууну жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону сунуштайт.