Дача СУ жашоочулары айылдарды байланыштырган жолду оңдоону суранышты. Министрликтин жообу
Жообунда Минтранс видеоматериалда Манас — Камышановка жолунун 0дөн 3 километрге чейинки бөлүгү көрсөтүлгөнүн маалымдады. Бул бөлүктө туруктуу аба ырайы орногондо, жолдун абалын жакшыртуу үчүн ямочный ремонт жана жол жамгактын профилировкасын жүргүзүү пландалууда.
Мындан тышкары, министрликте 2026-жылга пландалган иштердин алкагында аталган аймакта асфальт-бетон жабуусун төшөө каралганын такташты.