
Таласта жергиликтүү РОВДнын кызматкерлери менен Т. Кушчубаев атындагы мектептин 3-классынын окуучулары тарабынан "Жакшылык дүйнөнү өзгөртөт" аталышындагы акция өткөрүлдү, бул тууралуу регионалдык УВДнын басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чара Орозо айына арналгандыктан, милиция кызматкерлери жана окуучулар азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү буюмдарды атайын кутучаларга топтошту. Бул кайрымдуулук жардамдары муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү.
Акциянын максаты жаштарда жогорку моралдык баалуулуктарды тарбиялоо, жоопкерчилик сезимин өнүктүрүү жана өсүп келе жаткан муунду жакшылык иштерине багыттоо болуп саналат.