Ошто адамдардын көп чогулган жерлеринде милиция коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турат
Бул маалымат Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматында айтылды.
Маалыматка ылайык, 24-февралда Кара-Суу районунда жайгашкан «Кара-Суу» базарында базар администрациясы менен төрт калпак саткандын ортосундагы келишимдин жоктугунан улам инцидент болгон.
Мүмкүн болгон конфликттин алдын алуу үчүн окуя болгон жерге Кара-Суу Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөтүлүп, тартипти камсыз кылуу үчүн кырдаалды көзөмөлдөшкөн.
Милициядан алынган маалыматка ылайык, жарандарга карата мыйзамсыз аракеттер катталган эмес.