Жети-Огуздун тургуну мамлекет башчысына 3100 альчиктен турган өзгөчө белек тартуулады
33 жаштагы Азим, Жеңиш айылынан экенин айтып, үй-бүлөсүндө беш бир тууган бар экенин бөлүштү. 2017-жылы ал Тоо институтун аяктап, тоо инженери болуп иштей баштаган.
«Мурда мен эч качан сүрөт тартуу менен алектенген эмесмин, жөн гана альчиктерди чогултуп жүрдүм. Бир жолу менин акылымда көптөгөн альчиктерден өзгөчө бир нерсе жаратууга болот деген ой пайда болду. Ошентип, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн тынбай эмгектенген президенттин портретин жасоо идеясы пайда болду. Мен социалдык тармактагы баракчам аркылуу сунуш менен кайрылдым жана эми мамлекет башчысына өз белегимди кубаныч менен тапшырдым», - деди ал.
Портрет толугу менен устат тарабынан чогултулган альчиктерден жасалган.