Бул тууралуу шаардык жумуш, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгынын жумушсуздукту жоюу бөлүмүнүн башчысы Айпери Имамалиева билдирди.
Ал бул курстарга каттоо улантылып жатканын белгиледи.
«Акыркы жылдарда биздин мекеме расмий катталган жумушсуз жарандарды, кесиби жок, популярдуу багыттар боюнча кыска мөөнөттүү курстарга активдүү жөнөтүп жатат. Бул жылы биринчи сабактар башталды: 27 катышуучу автомеханика, ашпозчу жана тигүүчү адистиктери боюнча билим алууда. Жакын арада официант-бармен жана тигүүчү курстарына дагы 30 адамды кабыл алууну пландап жатабыз. Өткөн жылы 113 жаран сварщик, электрик, массажист, ашпозчу, тигүүчү жана автомеханик адистиктери боюнча билим алышты», - деди Имамалиева.
- Учурда Манас шаарында жалпы жумушсуздардын саны 514 адамды түзөт, алардын ичинен 129 адам расмий жумушсуз катары катталган.