Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгы 8-Мартка 1,5 миллион сомдук розаларды сатып алууга жумшайт
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган маалыматка ылайык, бул максаттар үчүн 1 миллион 479 миң сом бөлүнөт.
Сатып алуулардын алкагында 80 сантиметрден кем эмес узундуктагы 5,1 миң роза сатып алуу пландалууда. Гүлдөр ачык жеке упаковкада таңгакталууга тийиш. Жеткирүүлөр «Жаштык арена» аянтчасына жүргүзүлөт.
Жеткирүүчүлөрдөн сунуштарды берүү мөөнөтү 27-февралда аяктайт.