Кант шаарында Масленицаны белгилешти
Жергиликтүү тургундар жана туристтер кыш менен коштошуп, жаз мезгилин тосуп алуу үчүн чогулушту. Майрамдын алкагында элдик оюндар, музыкалык көрсөтүүлөр жана бий программалары уюштурулду, ошондой эле тамак-аштар берилди. Майрамдын негизги тамагы ысык блиндер болду.
Вице-мэр Улан Кадыров жана башка шаардыктар иш-чарага активдүү катышышты.