
Ал мурда Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдеттерин аткарган
Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев Алмасбек Абытовду парламенттин Аппаратынын жетекчиси кызматına дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Бул маалымат Жогорку Кенештин басма сөз кызматынан берилди.
Алмасбек Абытов мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кенештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаганын белгилеп өтүү керек.
сүрөт www