2 миңден ашык милиция кызматкери 22-февралда Бишкектеги концертте тартипти камсыздайт
Милиция күчөтүлгөн режимде иштейт, концерттин катышуучуларынын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылып, ошондой эле айланасындагы райондордо адамдардын жана транспорттун кыймылын уюштурат.
Ведомстводо шаардыктарды убактылуу коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырышты жана бардык катышуучулар иш-чарадан ырахат алышат деген үмүтүн билдиришти.