Жөлөкпул алууга укугу барлар:
- жумушта иштеген аялдар;
- жеке ишкерлер;
- фермердик (кыштак) чарбалардын мүчөлөрү;
- расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар аялдар.
Жөлөкпулду алуу үчүн кайда кайрылуу керек:
- иштеген аялдар - өзүнүн жумуш берүүчүсүнө;
- жеке ишкерлер, КФХ мүчөлөрү жана расмий жумушсуздар - жергиликтүү эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыктарына.
- Иштеген аял жумуш берүүчүсүнө каалаган формада арыз жана иштебөө барагын берүү керек.
- Жеке ишкерлер, КФХ мүчөлөрү жана жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздар белгиленген формада арыз жана ПИН берүүгө тийиш.
Жөлөкпулдун өлчөмү жана төлөө шарттары:
- Иштеген аялдар үчүн биринчи 10 күн ичинде жөлөкпул эмгек акынын 100%ын түзөт, 11-күндөн баштап - айына 20 эсептик көрсөткүч (2 000 сом) республикалык бюджеттен.
- Жеке ишкерлер жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү, ошондой эле расмий жумушсуздар үчүн 11-иш күнүнөн баштап жөлөкпул айына 20 эсептик көрсөткүч (2 000 сом) болот.
- Алыскы жана тоолуу райондордо иштеген аялдар бардык иш күндөрү эмгек акынын 100%ын алат.