Мужунун колунан жабыркаган Асель Ногойбаевага дагы бир операция жасалды
Ал операциянын ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.
«Докторлорго жана мени колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Эми алдыда айыгуу процесси жана жаңы ишеним күтүп турат. Бирок мага дагы бир нече операциялар жасалышы керек», — деп кошумчалады Асель.
Эскерте кетсек, Асель Ногойбаева 2023-жылдын 20-сентябрында оор бычак жаракаттары менен ооруканага жаткырылган. Анын мурдагы күйөөсү, Азамат Эстебесов, зомбулук кылып, анын кулагын жана мурунун кесип, башка жаракаттарды да берген. Кылмыш иши КРнын 130-беренеси «Ден соолукка оор зыян келтирүү» боюнча козголгон. Эстебесов кармалып, 2024-жылдын 26-январында Сокулук райондук соту аны 20 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды жана Асельге 2 миллион сом төлөөгө, ошондой эле мамлекетке 80 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди.