Кыргызстан жана Швейцария саламаттык сактоо боюнча биргелешкен инициативалардын жыйынтыктарын талкуулашты
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, талкуу швейцария тараптын колдоосу менен өлкөнүн ден соолук тармагында ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктарына, ошондой эле келечектеги кызматташуу пландарына арналды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар ден соолук тармагында калктын финансылык корголушун жакшыртууга, жарандардын ден соолук боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, жергиликтүү ден соолук комитеттеринин ассоциацияларын өнүктүрүүгө, ошондой эле медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, инфекцияга жатпаган оорулардын алдын алуу жана контролдоо боюнча биргелешкен демилгелердин жетишкендиктерин карашты.
Тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ден соолук тармагындагы негизги багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү боюнча кызыгуусун билдиришти.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Кыргызстан жана Швейцария саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлордун аткарылышынын жыйынтыктарын жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашты
20-февралда Саламаттык сактоо министрлигинде жолугушуу өттү, анда Саламаттык сактоо министринин...