Ноокаттын тургуну Нурлан Карабаев энесинин тааныштары тарабынан жер тилкеси боюнча алданганын айтып, бийликтен жардам сурады
Анын айтымында, 2014-жылы, энеси тирүү кезде, мачехасы менен оозеки макулдашууга жетишилген, расписка жазылган, андан кийин ал жер тилкесин сатып алып, үй салган. Бирок 2024-жылы, Ноокаттагы «Кадастр» филиалында документтерди өткөрүү учурунда, бул аял жердин документтерин алып, качып кеткен.
«Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич, Кыргызстандын Башкы прокурору, сизден жардам сурайбыз, менин ишим адилеттүү чечилсин.
2014-жылы Ж. А. аттуу аял менен оозеки макулдашуу түзгөнбүз, расписка жазып, жер сатып алганбыз. Бул аялдын менин маркум энем менен жакшы мамилеси болгон, ошондуктан биз ага ишенгенбиз.
2017-жылы ал мага жердин документтерин өткөрүп берип, расписка жазган. «Телефон чалганда — кайра каттоодон өткөрөм», — деди. Узак убакыт бою телефон чалгам, ал ар бир жолу: «Мен оорукандамын» деп жооп берди.
2024-жылы ал үйгө келип, кайра акча сурады — биз дагы 100 миң сом бердик, видео бар. «Кадастрга» барып, төлөмдөрдү төлөйбүз десек, ал документтерди алып, чыгып кетти. Ошол убактан бери: «Мен сага жерди саткан эмесмин» деп жатат. Биз сотко кайрылдык. Сотто ал: «Расписка менин эмес» деп билдирди.
Биз экспертиза жасаттык, экспертиза расписканын ушул аялга таандык экенин көрсөттү. Ноокат соту «апелляция мөөнөтү өтүп кетти» деп чечим чыгарды. Ал эми Ош облустук соту «апелляция мөөнөтү өтө элек» деп көрсөткөн, бирок Ноокат сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ошондуктан, урматтуу президент, биздин маселени чечүүгө жардам бериңиз. Биз бул үйдү чет өлкөдө иштеп, оор жумуш менен тапкан акчабызга кыйынчылык менен салдык. Биз бул акчаны чогултуп, берүүгө кыйналдык», - деди ал.
Карабаевдин кошуналары, алдамчы деп аталган аял сотто «менин жериме таш менен кууп чыгышты» деп билдиргенин айтышты. Бирок кошуналарынын айтымында, ал курулуш учурунда бир да жолу ошол жерде көрүнгөн эмес. Алар укук коргоо органдарынан адилеттүү чечим чыгарууну суранышты.
Материалда аталган Жаннат Абылова, Turmush басылмасына бул кырдаалды комментарий берип, окуянын башка версиясын баяндады.
«Бул жигит (Нурлан Карабаев) чындыкты айтпайт. 2009-жылы анын энеси кыйын кырдаалда болуп, «Адамдар почтадан акча талап кылышууда, жардам бер» деп суранып калды. Мен ага карыздарын кайтарууга жардам бердим. Ошол учурда мен мыйзамдуу түрдө 36 соток жер сатып алдым, азыр ал жерде өрүк бактары өсүп жатат. Бул участок менин атыма «Кадастрда» катталган.
Ал айткан участок — бул 36 сотоктун артындагы 17 соток. Алар ага акчаны бөлүп төлөшкөн, 2017-жылы акыркы 100 миң сомду беришкен. Эми алар расписканы жасалмалоо менен ал участок 17 соток эмес, 36 соток катары катталган деп жатышат. Бул маселе боюнча соттор карашкан. Полиция кылмыш ишин козгоду. Ал мага коркутууларды айтып жатат», - деди ал.