
Чүй облусунда алимент боюнча 572 миң сомдук карыз өндүрүүгө жетишилди, деп билдирет Сот аткаруучуларынын кызматы.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Сокулук районунда Т.Н.Т. аттуу карызчыга каршы алимент боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн, бул карыз 2020-жылдын 17-январынан 2026-жылдын 9-февралына чейин пайда болгон.
Мажбурлап аткаруу боюнча жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында 572 миң сомдук карыз толугу менен жабылып, каражат өндүрүүчүгө которулду.