
"Суванбердиева жана Белорусская көчөлөрүнүн бурчунда компания тротуарга кирүүнү тосуп койду. Мындан тышкары, курулуш материалдарын жүктөп жатканда жолду жабышат. Алардын мындай аракеттерге укуктары барбы? Биз алар менен байланышкыбыз келген, бирок жеринде компания тууралуу маалымат болгон жок, ал эми объекттин паспорту илинген эмес. Сиздерден чара көрүүнү өтүнөбүз", - деди арыз берүүчү.
Текшерүү учурунда Суванбердиева көчөсүнүн 33-үй адресинде көп кабаттуу турак үйдүн курулушу зарыл болгон өзгөртүүлөрсүз жана курулуш уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында ОсОО "СК Эверест Групп" үчүн акт түзүлүп, компанияга талап кылынган документтерди берүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, компанияга 200 миң сом айып пул салынды, ал эми иштин материалдары Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү, азыркы учурда соттук териштирүү жүрүп жатат", - деп билдиришти пресс-кызматтан.
Шаар тургундарынын арыздары.

Шаар тургундарынын арыздары.
Ведомство ошондой эле, стройкомпания бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик архитектуралык курулуш контролуна макулдашылган долбоорду жана мамлекеттик экспертизадан оң жыйынтык алган документтерди сунуштаган жок деп белгиледи.
Рұксат берүүчү документтердин жоктугуна карабастан, компания курулуш иштерин, анын ичинде 40 × 25 метр өлчөмүндөгү колонналарды орнотууну жана диафрагманы түзүүнү улантууда. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын "Курулуш жана архитектура жөнүндө" мыйзамын бузат.