Ошто Ж.Боконбаев атындагы мектептин жаңы корпусунун курулушу башталды (проекттин видеосу)
Проект үч кабаттуу имаратты камтыйт, ал алты блокко бөлүнөт. Ичине заманбап класстар, китепкана, компьютердик кабинет, илимий лабораториялар, акт зал, эмгекке окутуу кабинеттер жана толук жабдылган спорт залы жайгашат. Азыркы учурда курулуш аянтчасында жер казуучу иштер жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, 1972-жылы ачылган мектепте учурда болжол менен 2200 бала билим алууда. Жаңы корпус курулгандан кийин 1500 окуучуну кошумча окутууга мүмкүнчүлүк пайда болот.
Строительство министрлиги ошондой эле бул курулуш президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.