Мэрия 7-микрорайондо иштебеген лифт боюнча арыздарды комментарийлеп чыкты
Муниципалдык «Бишкекгорлифт» ишканасынан алынган маалыматка ылайык, 2025-жылы бул имарат техникалык тейлөө үчүн № 197 токтомго ылайык өткөрүлгөн. Бир подъездиси бар үйдө эки лифт орнотулган.
«Лифттердин бири нормалдуу иштейт, экинчиси эскирген жабдуулар жана башкаруу блогунын бузулушу себептүү убактылуу иштебей жатат. Азыркы учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти мэриядан.
Мындан тышкары, мэрия бул үй 2026-жылга лифттерди модернизациялоо планына киргизилгенин тактады. Ремонт учурунда тургундар иштеп жаткан лифтти пайдалана алышат.
Лифт үчүн төлөмдөрдү эсептөө боюнча суроолор да түшүндүрүлдү. Тариф жалпы аянтынын квадрат метри үчүн 8,31 сом деңгелинде белгиленген, лифттердин санына карабастан, анткени кызмат фактически көрсөтүлүүдө.
Эскерте кетсек, бул үйдүн тургундары мурда жүргүнчү лифти 2025-жылдын ноябрынан бери иштебей жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, жүк лифти да кээде иштебей калат. Тургундар «Бишкекгорлифт» жана мэрияга бир нече жолу кайрылышкан, бирок маселе азырынча чечилген жок.