
Баалар жана коштоочу документтер текшерилүүдө
Бишкекте эт жана башка маанилүү товарлардын баасын мониторингдөө боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
15-февралда текшерүүлөргө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук администрациялар, Антимонополия кызматы, ветеринардык кызматтар, салык органдары, укук коргоо структуралары жана МТУ өкүлдөрү катышты.
Инспекторлор сатуучүлөрдүн баа тизмелеринин болушун гана эмес, ошондой эле товарлардын келип чыгышын жана сапатын тастыктаган документтерди, санитардык нормалардын сакталуусун текшеришет.
Сүрөт www