
Рамазан айынын ичинде "Шатырда" күн сайын кечки тамактануу (ифтар) өткөрүлүп, маданий иш-чаралар менен коштолуп турат. Уюштуруучулар эң осол топторго, атап айтканда, жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, бала бакчалардын тарбиялануучулары, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер жана жалгыз кары адамдарга өзгөчө көңүл бурат. Айдын ичинде долбоорго 6000ден ашык адамдын катышары күтүлүүдө.
"Рамазан Шатры"нын негизги максаты гуманитардык жардам көрсөтүү гана эмес, ошондой эле кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдар үчүн майрамдык атмосфера түзүү, жарандык активдүүлүк жана жакындарына кам көрүү принциптерин бекемдөө болуп саналат. Бишкек жана Ош шаарларында "Рамазан Шатры"нын өткөрүлүшүнүн ийгилиги жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде таанылды, элдердин достугунун символуна айланды.
Долбоор жыл сайын кайрымдуулук тармагындагы белгилүү адамдардын көңүлүн бурат. 2024-жылы Кыргызстанга белгилүү түрк ашпозчусу Бурак Оздемир келип, 2025-жылы долбоорду түштүк кореялык инфлюенсер жана меценат Дауд Ким (Daud Kim) зыярат кылды.
Долбоор тууралуу же колдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн "Аль-Умма" ОБФнын директору, коомдук ишмер Элиана-Марьям Сатарова менен 0707 33 53 69 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.