Россияда кыргызстандыктарга КР Эмгек министрлигинин жардамы менен айлык алышууга жардам берилди
Министрликтин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек укуктарын коргоого активдүү аралашты.
Мурда ведомствого «СК Орион» ЖЧКсынын жетекчилигинен эмгек акы албаган алты жарандын арыздары келип түшкөн. Жумуш берүүчүлөр менен зарыл аракеттерден кийин, арыз берүүчүлөр 900 миң рубль суммадагы акчаларын кайтарып алышты.
Мындан тышкары, «УК АСК Групп» ЖЧКсында иштеген дагы 66 кыргызстандыкка жардам көрсөтүлүп, алар да 884 миң 228 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы боюнча карыздарын алышты.
Дагы окуңуз:
Эмгек министри Бишкектеги реабилитация жана кризистик борборлордун ишин текшерди
26-январда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев...