
Келген конокторго билим берүү форматы, методдору жана кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет
1-мартта саат 11:00дө Медерова 161а дарегинде «Жаңы ой жүгүртүү мектебинин» презентациясы өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучүлөр жаңы билим берүү форматынын концепциясын сунуштап, заманбап сапаттуу билим берүү кандай болушу керектиги тууралуу идеялары менен бөлүшүшөт.
Келгендер «Жаңы ой жүгүртүү мектебинин» иш принциптери жана методдору менен таанышып, сабактар кандай уюштурулганын жана окуучулардын кандай көндүмдөрдү өнүктүрөрүн билишет. Ошондой эле кабыл алуу жана интеллектуалдык диагностика боюнча консультация алуу мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда.
Мектептин өкүлдөрүнүн айтымында, бул мекеме ар бир баланын ички потенциалын ачып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табышы үчүн түзүлгөн.
Каттоо үчүн уюштуруучүлөрдүн профилинде көрсөтүлгөн шилтемеге өтүү сунушталат.
Кошумча маалыматты төмөнкү номерден алсаңыз болот:
+996 701 916 001
Сүрөт www