

Бул иш-чаранын негизги максаты — коомдук коопсуздукту жогорулатуу, укук бузууларды алдын алуу жана жарандардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Операцияга облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартылган, алар күчөтүлгөн режимде иштешүүдө. Полковник Нурмат Давлетов, Баткен облусунун ИИБнин орун басарынын көзөмөлүндө, алар суткасына 24 саат иштешет.
Рейддин алкагында мурда соттолгон адамдар жана экстремизм боюнча эсепте турган жарандар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Аларга мыйзамды сактоонун маанилүүлүгү жана мыйзамсыз аракеттердин болбошу тууралуу эскертилиген.
Ошондой эле коомдук жайларда жана адамдардын көп чогулган жерлеринде укук тартибин сактоо боюнча кошумча иш-чаралар уюштурулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 31 протокол түздү. Төрт айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалды, алардын унаалары айып токтотуучу жайга коюлду.