Россиянын бажы академиясында кыргызстандыктар чет элдик студенттер арасында биринчи орунду ээлешти.
РТАда окуп жаткан студенттер үчүн уюштурулган биринчи форумдун алкагында мыкты студенттерди сыйлоо аземи өттү.
Кыргызстандык студенттер «Эң мыкты чет элдик студент» категориясында алты сыйлык орунунун бешин жеңип, мыкты натыйжаларды көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлерине окуу жетишкендиктери, илимий жетишкендиктери жана Академиянын жашоосуна активдүү катышуусу кирди.
Сыйлангандардын арасында:
- Кудайбергенов Дастан Максатбекович — 4-курс юридикалык факультет (Люберцы шаары);
- Султанов Исхак Уланович — 3-курс юридикалык факультет (Люберцы шаары);
- Максатбеков Атай Айбекович — 3-курс экономикалык факультет (Люберцы шаары);
- Рахмаджанов Азамат Куатович — 3-курс юридикалык факультет (Санкт-Петербург шаары);
- Рыскулов Бектур Асранкулович — 3-курс бажы иши факультети (Ростов-на-Дону шаары).