Абдыкадыров көчөсүн ачуу үчүн Ош шаарында 23 турак үй жана 3 коммерциялык объект бузулду

Яна Орехова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Ош шаарында Р.Абдыкадыров көчөсүндө жолду ачуу максатында бир нече объектилер бузулду, деп билдиришти жергиликтүү бийликтер.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Абдыкадыров көчөсүндө жол түзүү пландарын ишке ашыруу үчүн Курманжан Датка көчөсү менен кесилиштен И.Закирова, Э.Алиева жана Молдо Нияз көчөлөрүнө чейинки участоктогу курулуштарды бузуу чечими кабыл алынган.

Жумуштардын жүрүшүндө төмөнкү объектилер бузулду:

- 24 турак үй,

- 1 бала бакча,

- 1 медресе,

- 3 коммерциялык объект.

Көчөнү Б.Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтүү жана бардык жолду капиталдык оңдоо пландалууда.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: