41 жаштагы Рахат Токонов Бишкекте дайынсыз жоголду. Анын жакындарынын маалыматы боюнча, ал 2-февралдан 3-февралга караган түнү, түнкү бирлер чамасында ГЭС-2 аймагында жайгашкан мебель цехиндеги жумушчу кабинетинен чыгып кеткен. Тилекке каршы, ал "Бакай-Ата" турак жай комплексиндеги батирине жеткен жок.
Рахаттын туугандары милицияга кайрылып, кайдыгер эмес жарандардан жардам сурап жатышат. Эгер кимде-кимде анын кайда экендиги тууралуу маалымат болсо, төмөнкү телефон номерлерине байланышуу суранылат: