Манас шаарында жашы жете элекке тыюу салынган продукцияны сатууну токтотуу боюнча рейд өткөрүлдү
Рейд учурунда шаардагы ири соода түйүндөрүнө, дарыканаларга жана ресторан-клубдарга көңүл бурулду. Бул мекемелердин кызматкерлери жана ээлери менен мыйзам бузуунун болбошу тууралуу суроолор жана түшүндүрүү сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү.
Межведомстволук комиссиянын курамына социалдык өнүктүрүү секторунун адистери, Манас мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмү, муниципалдык мүлк башкармалыгы, шаардык ички иштер бөлүмү, ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдындагы үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери кирди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ушундай текшерүүлөр жана профилактикалык иш-чаралар шаар аймагында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.