
«Жениш» жашоо массивинде убактылуу суу берүү токтотулат.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, ичүүчү суу 2026-жылдын 17-февралында саат 10:00дөн 15:00гө чейин өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык объектилерге, ошондой эле өнөр жай ишканаларына жетпейт.
Өчүрүүнүн себеби «Жениш» суу алуу жайында авариялык-ремонттук иштер болуп жатат.
