Ошто 100 жылдык мектепти бузуп, анын ордуна жаңы мектеп курулат

Арестова Татьяна Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Ош шаарында 100 жылдык мектепти бузуп, анын ордуна жаңы мектеп курулат
Ош шаарында эски мектептин ордуна жаңы билим берүү мекемесин куруу боюнча иштер башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана ЖКК министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бузула турган мектеп - Ломоносов атындагы № 3 мектеп, Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан. Бул имарат 1926-жылы курулган жана учурда авариялык абалда.



Министрликтин маалыматына ылайык, имаратты бузуу иштери башталды, ал эми анын ордуна 750 окуучуга ылайыкташтырылган заманбап мектеп куруу пландалууда.

Бул долбоордун каржылануы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, бардык иштер 2026-жылдын аягына чейин аякталат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: