Бул конкурс окуу китептеринин мазмунун жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү процессине өтүү боюнча мамлекеттик программа алкагында уюштурулууда.
Конкурска катышууга чакырылат:
- мектеп, ЖОЖ жана колледждердин мугалимдери;
- методисттер, изилдөөчүлөр жана педагогика менен филология боюнча адистер;
- окуучу китептерди жана окуу-методикалык материалдарды түзүү боюнча тажрыйбасы бар авторлор;
- инновациялык окутуу ыкмаларын колдонгон жаш педагогдор.
Конкурска катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 28-февралына чейин кабыл алынат. Арзаларды онлайн түрүндө kitepkura.edu.kg сайты аркылуу, ошондой эле Билим берүү министрлигине тапшырууга болот.
Мурда маалымдалгандай, «Кыргыз тили» боюнча конкурстун биринчи этабында 24 арыз берилген, алардын ичинен беш автор тандалып алынган. Бирок кошумча катышуучуларды тартуу зарылдыгы пайда болду.