«Манас» каармандары менен скульптура-декоративдик композицияларга эскиздер үчүн конкурс узартылды
Башында конкурстун жыйынтыктары 2025-жылдын декабрында чыгарылат деп пландалган. Бирок, катышуучуларга жогорку сапаттагы көркөм долбоорлор менен иштөө үчүн көбүрөөк убакыт берүү максатында, эскиздерди тапшыруу мөөнөтү 27-февралга чейин узартылганы министрликтин басма сөз кызматы тарабынан маалымдалды.
Конкурс композициялары «Манасчы», «Кошой менен Жолойдун күрөшү», «Манас менен Коңурбайдын сайышы», «Ак-кула» жана «Тайторунун чабышы» сыяктуу сахналарды камтышы керек.
Жалпы сыйлык фонду 300 миң сомду түзөт.